Марал Радиосу

Чүйдө 118 кыска номерине миңден ашык кайрылуу түштү

Чүй облустарынын аймактарынан коронавирус боюнча кеп-кеңеш берген 118 кыска номерине 1 миңден ашык кайрылуу түштү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

COVID-19 боюнча кеңеш сурап 683 кайрылуу түшкөн. Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилованын айтымында, 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө.

Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборго кайрылып, кеңеш ала алышат.

Чалуу-борборуна кайрылгандардын 50 пайызы кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.

Акыркы күңдөрү коронавирус боюнча кеңеш бере турчу 118 түз байланыш кызматына жарандар тарабынан нааразылыктар көп айтылып жатат.

Кыргызстанда 22-июнга карата дагы 205 кишиден коронавирус аныкталды. Ушуну менен коронавирус жуктургандарын жалпы саны 3356га жетти. Илдеттен айыккандардын саны — 2021 киши, каза болгондор — 40 адам.

COVID-19 диагнозу менен 571 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 11 киши реанимацияда дарыланууда.