Марал Радиосу

Министр: Кырдаал азыркыдай улана берсе, чектөөлөр кирет

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учурларынын саны өсүп жатат, күнүнө 200гө чейин илдетти жуктуруп алгандар катталууда. Эпидемиологиялык кырдаал ушундай улана берсе, чектөө чаралары киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анда өлкөдө коронавирус катталган учурлар аз болгондо өзгөчө абал режими киргизилип, бүгүнкү күндө илдет тез жайылып жатканына карабай бардык мекемелердин иштеп жатканы тууралуу суроо коюлган.

Пандемиянын башталышында өлкөдө өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режими жана карантин киргизилген. Ошол убакытта Өзгөчө чектөө чаралары да киргизилип, көптөгөн объектилер жабылган. Андан кийин Республикалык штабдын чечими менен биз экономикалык ишмердүүлүктөрдү этап-этабы менен жандандырдык. Бирок азыр оорунун жаңы учурларынын саны өсүп жатат.  Эпидемиологиялык кырдаал ушундай улана берсе, чектөө чаралары киргизилиши мүмкүн, — деди министр.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкекте коомдук транспорттун иши дем алыш күндөрү чектелерин айткан. Мисалы, ишемби күнү коомдук транспорт түшкө чейин иштейт, жекшемби күнү толук токтотулат.

Кыргызстанда 22-июнга карата дагы 205 кишиден коронавирус аныкталды. Ушуну менен коронавирус жуктургандарын жалпы саны 3356га жетти. Илдеттен айыккандардын саны — 2021 киши, каза болгондор — 40 адам.

COVID-19 диагнозу менен 571 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 11 киши реанимацияда дарыланууда.