Марал Радиосу

Кыргызстанда дагы 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

Кыргызстанда 22-июнга карата дагы 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кабарлады.

Алар Кыргыз-Түрк ооруканасынан – 1 аял киши, 1952 жылы туулган, Талас аймактык ооруканасынан – 1 бейтап, 1952 жылы туулган эркек киши, Ноокен аймактык ооруканасынан – 1 бейтап каза болду, ал 1960 жылы туулган аял киши.

Жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.

22-июнга карата Кыргызстанда дагы 205 кишиден коронавирус аныкталды. Коронавирусту жуктургандарын жалпы саны 3356га жетти. Илдеттен 2021 бейтап айыкты.