Марал Радиосу

Өткөн аптада 22 айдоочу мас абалында унаа башкарган

Чүй облусунун аймактарында бир жума ичинде 56 автоунаа айып аянтчасына киргизилген. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

15-июндан 22-июнга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2683 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Анын ичинен:

— Мас абалында унаа башкаруу – 22;

— Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 7;

— Ылдамдыкты ашыруу – 1018;

-Документтери жок унаа башкаруу – 24. Жалпысынан 56 автоунаа айып аянтчасына киргизилген.