Марал Радиосу

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата театрлардын телефестивалы өтөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата республикалык театрлардын телефестивалын өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Телефестивалга республикадагы бардык театрлар катышып, Улуу Ата- Мекендик согуш темасын эске салган спектаклдерди тартуулашат.

Фестиваль учурдагы абалга ылайык онлайн форматта өтүп, анын жүрүшү 22-июндан тартып 28-июнга чейин күн сайын саат 12де жана 19да КТРКнын «Маданият. Тарых. Тил», «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын «Илим жана билим» каналдарында жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбук баракчасында көрсөтүлөт.

Улуу Ата- Мекендик согуш 1941-жылы 22- июнда башталган.