Connect with us

COVID-19: Дем алыш күндөрү коомдук транспорттор токтотулат

Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 1563 | 0

Дем алыш күндөрдөгү коомдук транспорттук каттамдар токтотулат. Бул тууралуу 20-июнда брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, республикалык штаб дем алыш күндөрдөгү коомдук транспорттор каттамын токтотууну пландоодо. Коомдук транспорттун ишин алдын-ала кийинки дем алыш күндөрдөн тарта токтотуу каралууда.

Ошондой эле, коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин түрдө өскөндүктөн республикалык штаб жаңы эрежелерди иштеп чыгат.

-Транспорт илдетти жуктуруунун очогу болуп саналат. Бул чектөөнү алгач Бишкекте киргизүү пландалып жатат. Коомдук транспорттор дем алыш күндөрү токтотулат (ишемби күнү түшкө чейин каттайт, жекшемби күнү толугу менен иштебейт),- деди ал.

Ошондой эле, Бишкек менен башка аймактар аралык каттамдарды да токтотуу маселеси каралууда. Боронов белгилегендей, Бишкекте абал курч болуп турган учуру.

Бүгүн, 20-июнга карата коронавирус илдети 192 адамдан аныкталды. Жалпы катталган учур 2981ге жетти. Алардын 546сы медицина кызматкери.

Бишкек шаарында – 94, Чүй облусу — 62, Ош шарын– 16, Ош облусу – 14, Ысык-Көл облусу – 2, Талас облусу – 2, Нарын облусунда– 2 учур катталды. 

Илдеттен 1981 жаран айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM