Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын бири Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов экени аныкталды.
Учурда мэр үй изоляциясында, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын 3 кызматкери COVID-19 инфекциясын жуктуруп алды.
Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги Ленин райондук бөлүмүнүн 14 кызматкеринен коронавирус табылган. Андан сырткары, жети кызматкердин анализи бүдөмүк чыгып, алар кайра тест тапшырышкан.
Кыргызстанда ушул тапта коронавирус жуктургандар менен 12 миң 205 жаран байланышта болгон, обсервацияда 1471 адам жатат.
Акыркы сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.