Биз менен байланышыңыз

Абал начар: Бразилияда коронавирусту жуктургандар 1 млндон ашты, каза болгондору 50 миңдей

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 463 | 0

Бразилияда коронавирус жуктургандардын саны 1 миллиондон ашты. Worldometers статистикалык порталынын маалыматына ылайык, аталган мамлекетте вирусту жуктургандардын саны 1 миллион 38 миңден ашык.

Соңку бир күн ичинде 55 миңден ашык бразилиялыктан коронавирус аныкталган жана бул көрсөткүч рекорд жараткан. Бул инфекциялык илдет дагы 1 238 адамдын өмүрүн алды, республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 49 миңден ашты. Бразилияда илдеттен 534 миң 580 адам айыкты.

Кошумчалай кетсек, Бразилия вирус жуктургандардын саны 1 миллиондон ашкан экинчи өлкө болуп катталды. Буга чейин, бир гана АКШда бир миллиондон ашык адам (2,96 млн) вирусту жуктуруп алган эле. Өткөрүлгөн тесттер боюнча бул эки өлкө ортосундагы айырма чоң. Бразилия 2,3 миллиондон ашык тест жүргүзгөн, ал эми АКШда бул көрсөткүч 27,3 миллиондон ашат.

Дүйнө боюнча вирусту жуктургандардын саны 8,75 миллиондон ашты.

Copyright © 2017 Maral FM