Марал Радиосу

Пакистандан 94 кыргызстандык кайтып келди

Пакистандан Кыргызстандын 94 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кечээ, 19-июнда Бишкек шаарына Пакистандан 94 кыргызстандык келди. Алар «Pakistan International Airlines» авиакомпаниясынын Исламабад—Бишкек—Исламабад каттамы менен келишти.

ТИМдин билдирүүсү боюнча, каттам Пакистан тараптан уюштурулган. Ушул эле учак менен авиакомпания Пакистандын жарандарын мекенине алып кетет.

Маалыматка ылайык, бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык чаралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.