Марал Радиосу

Зомбулук көйгөйү: Коомдун түшүнүгү жаңыланмайын, зомбулук токтобойт

Бычак тийген кыз каза болду, таш салынган дөңгөлөк аялдын мойнуна илип, шапалак менен бетке чапкан окуя катталды… Мындай жаңылыктар, тилекке каршы, акыркы убактарда байма-бай чыгып жатат.

Үстүбөздөгү эле жылдын 3 айынын ичинде Кыргызстанда 2,500 миңдей зомбулук катталган. Мындай көрүнүш 6 жылдын ичинде 4 эсеге өскөн . Ушул убакка чейин бул маселеге маани бербестиктин кесепети акыры жогорудагыдай окуялардын болуп өтүшүнө түрткү берди.

Мындай көрүнүштөргө кантип чек койсо, кантип анын алдын-алса болот? Деги эле зомбулукка каршы кандай чараларды колдонуш керек?

Депутат Исхак Пирматов сунуштаган “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутат үй-бүлөлүк зомбулукту оор кылмыш катары карап, жазаны күчөтүүнү сунуштоодо. Исхак Пирматов азыркы мыйзамга ылайык, тосмо арыз жазылса, зомбулук көрсөткөн киши камалбай калып жатканын, долбоор мунун алдын аларын белгиленди.


Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулукту оор кылмыш катары кароону сунуштады (видео)


Эске салсак, мойнуна дөңгөлөк байланып, кордук көргөн аялдын видеосу социалдык тармактарда тарап, көпчүлүктүн үрөйүн учурду. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясы ишти Жазык кодексинин “Уруп-согуп кыйноо” беренеси менен тергей баштаган. 14-июнда райондук соттун чечими менен кармалган жаран 15 суткага камалган. Кийин кайра кордук көргөн аял жолдошун кечирип, тосмо арыз жазды.

Бирок ушул үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча тергөө иштери уланары айтылган. Бүгүн, 19-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы аялга кордук көрсөтүү боюнча чуулгандуу фактыны иликтөө ишин аяктап, материалдарды сотко өткөрүп берди.

Зомбулук аялдарга болгон мамиленин төмөндүгүн аныктайт. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамды ишке ашыруу кажеттигин белгилейт.

-Мына акыркы мисал, кечээ эркек бала Шлагбаумда сүйлөшкөн кызын кызганып, чачынан сүйрөп, мойнун кесип салыптыр. Анын айынан комага түшкөн кыз эсине келе албай каза болуп калды. Бул коомдо зомбулуктун канчалык көп болуп жаткандыгынын далили.

Сузакта болгон окуяда эркек аялдын мойнуна таш салынган дөңгөлөк илип, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чапкылап жатса да, эже каршылык кылбай турган кебетесин көрүп зээним кейиди. Анын ыйлабай, кыйкырбай турганы бул зомбулук бир канча жылдан бери болуп келгенин көрсөтөт. Ал аялды психологиялык жактан оорулуу кылып салыптыр. Аял жолдошу жазага тартылса, анын туугандары «түбүмө жетет» деп коркуп жатат. Анткени, көп адамдар кайрылып, каякка барам, эми эмне кылам, мени тапса, өлтүрүп салат дешет.» Эл эмне дейт»- деген түшүнүк менен күйөөсүн кайра кечирүүгө мажбур болушат. Зомбулукка каршы жазаны күчөтүү, эртеси күнү туугандары же кайын журту келип басым кылса, аялы кайра тосмо арыз жазса деле, иш ошону менен токтоп калбайт деген сөз.  

Сурабалдиева жашы жете элек кыздарды турмушка берүү маселесине да токтолду. Анын айтымында, айрым мыйзамдар кабыл алынганы менен тааныш-билиш болуп, аткарылбай келет:

-Бойго жете элек кыздарга ата-энелери никелешүүгө макулдук берсе, ал никени молдолор кыйса, алар 5 жылдан 10 жылга чейин кесилет деген мыйзам кабыл алынган. Бирок, буга чейин кармалган эч ким болгон жок… Кечээ парламентте бул маселени да айттым. Сокулукта 14 жаштагы кызды зордуктап кеткен адам эркиндикте жүргөнүн көргөн-билгендер айтып жатышты. Адамдар «РОВД кармабайт, ИИМ иштебейт»- деп арыздангандан кийин бул сөздөр парламентте айтылган соң гана ИИМдин орун басары дептерине жазып алып, ошол күнү түнү барып кылмышкерди кармашты. Ал жарым жылдан бери кармалбай ээн-эркин жүргөн.


Сурабалдиева зомбулук жазасын күчөтүүгө каршы чыккан кесиптештерин сындады


Депутат мыйзамга эле байлабастан, коомдук пикирди өзгөртүү керектигин  да белгилейт. Сүйлөшүүнү үйрөтүү аркылуу күч колдонулган аракеттерди азайтса болорун айтты.

-Кечээ, кесиптешим сунуштаган, зомбулук кылгандарга карата жаза берүү чарасын өзгөртүү, күчөтүү мыйзамына депутаттардын айрымдары каршы да болуп жатышты. Бул жерде кеп — иши кылып бирөөнү камаш эмес, ушундай мыйзамдар менен зомбулукту азайтуу максатын көздөйт.

Зордук-зомбулукту токтотууда, мындан тышкары, коомго “сүйлөшүү” түшүнүгүн сиңирүү керек. Качан коом уруш, токмок менен эмес, сүйлөшүү аркылуу, бири-бирине түшүндүрүү менен маселени чечкенди үйрөнсө, зомбулук токтойт, — дейт Сурабалдиева.

Пирматов сунуштаган долбоорду талкуулоодо депутаттар Махабат Мавлянова, Зиядин Жамалдинов, Камчыбек Жолдошбаев чатакташкан тараптардын бири-бирин кечирүүгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин айтып чыгышты. Алар зомбулукка каршы жазаны күчөтүү, ажырашуунун көбөйүшүнө алып келерин айтышты.

Үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюу үчүн эмне кылуу керек? Зомбулукту жоюу үчүн жазаны күчөтүү керекпи же коомдук сабаттуулук менен жоопкерчиликти көтөрүү зарылбы?

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, жазаны күчөткөн менен Кыргызстанда мыйзамдар иштебейт.

1) Жазаны күчөтүү — зарылчылык. Бирок, ошол мыйзам канчалык деңгээлде иштейт деген маселе жатат. Кыргызстанда мыйзамдар кыйратып деле ишебейт. Ошондуктан коомдо соңку жагдайлар орун алып жатат;

2) Аялдардын укугун коргоп чыккан кыздарды сабап, сабагандарды туура кылды деген көрүнүш токтош керек. Зомбулукту салт катары кабыл ала берсек, бул эч качан токтобойт. Аялды сабап койсо боло берет деген түшүнүктү жоюш керек;

3) Мектептерден, үй-бүлөдөн баштап зомбулукка каршы турууга үйрөтүш керек;

4) Аялдарды экономикалык жактан көз карандысыз кылыш керек. Бизде турмушка чыккан соң же негизи эле үй-бүлөдө мүлктүн баары эркектин наамына жазылат. Кийин турмушунда эркектен таяк жеп, күч көрсөтүүгө кабылганы менен, эч нерсеси жок аял ага каршылык кылуудан, аны менен ажырашуудан айбыгат. Балдарын кантип багышты ойлонот. Ажырашкан учурда да, айла жоктон акча табыш үчүн чет жакка миграциялап кетет. Мындай көрүнүштөргө жол бербеш үчүн кыздардын экономикалык жактан көз карандысыз болуусун камсыздашыбыз керек.

Укук коргоочу белгилегендей, телевидение аркылуу, окуу жайларда, белгилүүлөрдүн чакырыктары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдун түшүнүгүн жаңылаш керек.

Социалдык тармактарда белгилүү адамдар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы жана аялдардын укугун коргоо боюнча акция өткөрүп жатышат. Алар социалдык тармактардагы өздөрүнүн баракчаларына #кечирБиздиАялзат #рахматАялзат хэштэги менен зомбулукту токтотууга чакырган видеолору менен бөлүшүп жатышат.

Челленджге катышкандардын арасында хирург, депутат, акын, алып баруучу, коомдук ишмер сыяктуу тармактардан белгилүү адамдар бар.

Exit mobile version