Марал Радиосу

Акчанын мекени кайда?

Заманбап дүйнөдө телефонду колдонуп, бир канча секунданын ичинде миллиондогон каражаттарды бир даректен экинчи жерге которсоңуз болот.

Акча — адамзат тарыхынын 3-миң жылдыгынын ажырагыс бөлүгү. Ал ойлоп табылганга чейин адамдар буюмдарды өз ара алмашуу мамилелерин колдонушкан.

Алмашуу учурунда товарлар товарларга же тейлөө кызматтарына, же болбосо кызмат көрсөтүү үчүн кызматтарга алмаштырылган. Бирок мында кээ бир кыйынчылыктар орун алып, убакыт текке кеткен учурлар болгон.

Мисалы, кимдир бирөө мергенчиден мамонтту атып берүүсүн суранса, мергенчи бир балтага (акы катары) кызмат кылуунун кереги бар же жок экенин аныктоого убакыт талап кылган.

Кийинчерээк, акча табыла электе эле адамдар сатылышы мүмкүн болгон буюмдарды, мисалы, жаныбарлардын терилерин, тузду жана ок-дарыларды орто маанидеги алмашуу каражаты катары колдонушкан.


«Жарадар» тыйындар

Биздин заманга чейинки 770-жылдары кытайлар айрым буюмдарды жана куралдарды алмаштырууда колодон жасалган кичинекей формаларды колдонушкан. Бирок чөнтөгүнөн кичинекей канжар, күрөк алып жатканда, адамдар колдорун жарадар кылышы мүмкүн болгон. Албетте, эч ким муну каалаган эмес. Ошентип, убакыттын өтүшү менен коло буюмдар тегерек формадагы ыңгайлуу тыйынга айланды.

Биринчи тыйындар (коло формасындагы тегерек буюмдар) Кытайда жүгүртүүгө киргизилген болсо да, алгачкы тыйындар тарыхый Лидияда (азыркы Батыш Түркия) чегилген.

«Крездек бай» деген аныктама кимдерге таандык?

Алгачкы тыйындар тарыхый Лидиядан алыс эмес жерде (азыркы Батыш Түркия) табылган. Биздин заманга чейинки 600-жылы Лидия падышасы Аляттес биринчи расмий тыйынды чектирген. Бул тыйындар алтын менен күмүштүн аралашмасынан жасалып, чапталган көрүнүшкө ээ болгон.

Лидиянын валютасы өлкөнүн ички жана тышкы соодасын өркүндөтүп, өлкөнү Азиядагы эң бай империяга айланткан. Кийинчерээк, атүгүл, «Крездей бай» деген сөз Лидия менен байланыштырылган. Бул биринчи алтын тыйындарын чектирген, Лидиянын акыркы башкаруучусу Крезге тиешелүү.


Жасалма каражат жасоонун жазасы — өлүм

Лидия валюта жагынан дүйнөдө лидери болгон учурда кытайлар монеталардын ордуна кагаз акчаларын чыгара башташкан.

Биздин замандын 1271-жылы Марк Поло Кытайга барган кезде Кытайда акча-кредит саясаты кыйла жөнгө салынган. Ал тургай, кытай акчасына «Жасалма акча жасоого аракет кылган адамдын башын кесилет» деген жазуу жазылган.

Акча убада кылган документтер

Бирок, Европада монеталарды колдонуу XVI кылымга чейин кеңири белгилүү болгон. Себеби, ошол кезде европалыктар ар кайсы региондордогу колониялардан көп сандаган баалуу металлдарды ташып келишкен.

Акыры Европадагы банктар аманатчылар жана карыз алуучулар үчүн банкнотторду чыгара башташты. Бул банкноттор белгилүү бир наркка ээ алтын жана күмүш монеталарга алмаштырылган жана алардын наркына туура келген.

Биринчи кагаз валюталары Европа мамлекеттери тарабынан Түндүк Америка менен колониялык мамилелерди жөнгө салуу үчүн олуттуу ойлонулган. Себеби Европадан колонияларга кеткен жол узак болгон жана колониячылардын акчасы жолдо түгөнгөн. Бул учурда колонизаторлор алмашуу ыкмасын колдонуунун ордуна, «IOU» («Мен сага карызмын») ыкмасын, б.а. белгилүү бир суммадагы акча төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө убада берүү ыкмасын колдонушкан.


Мисалы, колонияларда кызмат кылган француз жоокерлерине өкмөт тарабынан белгилүү бир өлчөмдө акча убада кылынган жана монеталардын ордуна кол коюлган кагаздар таратылган.

Валюта рыногу жана ага байланыштуу согуштар

Кагаз акчалардын популярдуулугу эл аралык сооданын мүмкүнчүлүгүн жогорулатты. Экинчи жагынан, банктар жана башкаруучу класстар ар кайсы өлкөлөрдүн валюталарын сатып ала башташты жана биринчи валюта рыногун түзүштү.

Мамлекеттин туруктуулугу анын акча-кредит саясаты менен да аныкталган. Өлкөлөр ортосундагы атаандаштык валюта согушуна да алып келди. Ошол эле учурда бири-биринин валюталарын девальвациялоо жана анын сатып алуу жөндөмүн төмөндөтүү аракеттери көрүлгөн.

Материалдык эмес акчаларды колдонуу мөөнөтү

ХХ кылымда акча «жашоосу» кескин өзгөрүүгө учурады. Жалпы валюта рыногу түптөлүп, алтын валюта стандарты кабыл алынды.

Бирок XXI кылымда акчага байланыштуу эки уникалдуу тенденция популярдуулукка ээ болду: электрондук төлөөлөр жана криптовалюта. Учурда материалдык эмес электрондук акча адамдардын жүгүн жеңилдетүүдө. Виртуалдык акчаны колдонуу кагаз банкнотторун колдонууга караганда кыйла ыңгайлуу жана каражаттарды виртуалдык түрдө сактоодо коопсузураак болуп эсептелет.

2008-жылы иштелип чыккан Bitcoin эң популярдуу криптовалюта болуп саналат. Азырынча дүйнөдөгү жалпы акчанын 0,4 пайызы биткоинден турат. 1 биткоиндин баасы  9400 $ турат.

Exit mobile version