Марал Радиосу

Монголия Кытайдан деңиз азыктарын импорттоону токтотту

Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиясы өлкөгө Кытайдан деңиз азыктарын импорттоону убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Монголия 22-июндан 6-июлга чейин Кытайдын деңиз азыктарын импорттоого 14 күнгө убактылуу тыюу салды. Буга Кытайда коронавирустун кайра күч алуусу негиз болгон.

Пекинде «Синьфади» базарында коронавирустун жаңы толкуну катталды.

Вирусолог Ян Жанчюань билдиргендей, базарда табылган коронавирус Ухань деңиз азык-түлүк базарындагыга караганда көбүрөөк жугуштуу.

-Эволюция процессинде вирустун инфекциясы жогорулашы же алсырашы мүмкүн. Бирок мен «Синьфади» базарында табылган COVID-19 коронавирусу Ухандагы Хуанан базарындагыга караганда көбүрөөк жугуштуу деп эсептейм, — деди Ян Жанчюань Huanqiu Shibao гезитине берген маегинде.

Окуянын кесепетинен базар убактылуу жабылып, Пекинге кайрадан карантин режими киргизилди.