Марал Радиосу

Жээнбеков Назарбаевдин тез арада сакайып кетишин каалады

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада сакайып кетишин каалады.

Ошондой эле кыргыз-казак кызматташтыгы, эки өлкөнүн коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жоюуда бергелешкен күч-аракеттери жана экономиканы колдоо маселелери талкууланды.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алган. Ал обочолонууга алынып, аралыктан иштөөнү улантып жатканы айтылган.