Марал Радиосу

Пандемия: Пансионат, курортторго текшерүү жүргүзүлбөйт

Өлкө аймактарындагы пансионат, курорт, санаторий, лагерь ж.б. эс алуучу мекемелерде текшерүү иштери жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Медетбек Маметов онлайн брифинг учурунда билдирди.

Ден-соолукту чындоочу, эс алуучу жайлардын жетекчилерине, жергиликтүү бийликтин башчыларына туристтик мезгилде экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча кат жүзүндө тапшырмалар берилген.

Exit mobile version