Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирустан 73 жаштагы бейтап каза болуп калды

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир бейтап каза болуп калды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Алай аймактык ооруканасына 73 жаштагы эркек киши оор абалда кайрылган. Анын эки тараптуу пневмониясы күчөп кеткен.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 31 кишини түздү.