Марал Радиосу

Алты мамлекет быйыл өз жарандарын ажылыкка жибербей турганын жарыялады

Алты мамлекет быйыл өз жарандарын ажылыкка жибербей турганын жарыялады. Бул тууралуу Доха Трибун порталы жазды.

Дүйнөдөгү мусулмандар эң көп жашаган Индонезия өлкөсү, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Камбоджа жана Бруней мамлекеттеринин бийлиги быйыл жарандарын ажылыкка жибербөө чечимин кабыл алды.

Быйыл Индонезия үчүн 220 миң, Малайзияга 36 миң, Брунейге миң квота берилген болчу.

Учурда Сауд бийлиги быйылкы ажылыкты токтотуу маселесин карап жатканы да айтылууда. Дүйнөлүк пандемия болбогондо мусулмандардын ажылык зыяраты быйыл 28-июндан 2-августка чейин деп белгиленген болчу.

Эгер быйылкы ажылык зыярат ишке ашпай турган болсо, анда соңку тарыхтагы жаңы окуя болмокчу.