Марал Радиосу

Кубатбек Боронов премьер-министр болуп дайындалды

Кубатбек Боронов премьер-министр болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кубатбек Бороновду мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп,  премьер-министр кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.