Марал Радиосу

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 20 млн $ жардам көрсөттү

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо секторун бекемдөөгө көмөктөшүү максатында Азия өнүктүрүү банкы 20 млн доллар жардам көрсөттү.

Республикалык штаб кабарлагандай, долбоор алкагында коронавирусту дарылоо борборлору катары тандалган ооруканалардын мүмкүнчүлүктөрү жакшыртылат.

Тагыраагы, интенсивдүү терапия үчүн кошумча 80 койка ачылып, тез жардам унаалары, медициналык багыттагы керектүү каражаттар берилет.

Ооруканалардагы саламаттык сактоо кызматкерлери жеке коргонуу каражаттарын алып, адистештирилген окуудан өтүшөт. Татаал эмгектенүү шартына байланыштуу кошумча колдонмолор менен камсыз болушат.