Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: Коронавирус боюнча кырдаал татаалдашып баратат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 654 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал барган сайын татаалдашып бараткандыгын айтты. Бул тууралуу ал 16-июнда президенттин төрагалыгы астында өткөн кызмат көрсөтүүлөрдү жана ички туризмди өнүктүрүү боюнча видео-конференцияда билдирген.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын маалыматы боюнча, иш-чаранын башында Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга өзүнчө токтолуп, акыркы учурда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кыйла көбөйүп жаткандыгына көңүл буруп, жуктуруп алгандардын көпчүлүгү калк арасынан чыгып жаткандыгын айткан.

Акыркы эки жуманын ичинде Ташкент шаарында катталган 551 учурдун 482си калк арасынан табылган. Ошондой эле 57 учурдун  булагы белгисиз болгон. Мындай көрүнүш Ташкент, Навои жана Кашкадария облустарында дагы байкалат.

Мунун бардыгы коронавируска байланыштуу кырдаал барган сайын татаалдашып бараткандыгын көрсөтүп турат. Пандемияга каршы күрөшүүдө жоопкерчиликти дагы да жогорулатуу учуру келди. Ушул тапта канчалык оор болгондугуна карабай, биз карантин эрежелерин так аткарышыбыз керек. Ар бирибиз өз ишибизди кылдаттык менен аткарып, бир-бирибизди көзөмөлдөп, өзүбүздүн эле эмес, үй-бүлөбүздүн жана балдарыбыздын алдындагы жоопкерчиликти терең түшүнүшүбүз керек. Болбосо, аракетибиздин баары пайдасыз болот, — деди Шавкат Мирзиёев.

Республикалык атайын комиссияга ишканаларда жана базарларда, соода борборлорунда жана уюмдарда өз ишин жандандыргандарга дезинфекциялык жана санитардык көзөмөлдү күчөтүү, ЖМК аркылуу, ошондой эле эмгек жамааттарында калкка маалымат берүү ишин кеңейтүү тапшырылды.

Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүчү башкача айтканда,калк менен түз байланышта болгон кызматкерлердин арасында үзгүлтүксүз тестирлөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

 

Copyright © 2017 Maral FM