Марал Радиосу

Кыргыз-казак көзөмөл өткөрүү жайларында кезек күтүүлөр жоюлду

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү жайларында кезек күтүүлөр жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

17-июнга карата кыргыз-казак чегинде 4 көзөмөл өткөрүү жайы иштеп жатат. Алар: «Ак-Тилек — автожол», «Чалдыбар — автожол», «Кең-Булуң — автожол», «Чоң-Капка — автожол».

Өкмөттүн буйругуна ылайык, жарандар жана жүк ташуучу унаалар «Ак-Тилек — автожол», «Чоң-Капка — автожол» пунктарынан өткөрүлүүдө.

«Чалдыбар — автожол» көзөмөл өткөрүү жайынан эки тарапка тең бир гана жүк ташуучу унаалар өткөрүлүүдө.

«Кең-Булуң — автожол» өткөрүү пункту Кыргызстандан чыккан бош жүк ташуучу унаалар үчүн гана ачык.

Жүк поезддеринин өтүшү «Кайыңды-темир жол» өткөрүү пункту аркылуу жүргүзүлөт.

«Чалдыбар-автожол» жана «Кең-Булун-автожол» өткөрүү пункттарынын иштеши менен «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү пунктундагы кезек күтүүлөр азайды. Ошондой эле жүк ташуучу унаалардын, элдин тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.