Марал Радиосу

Бишкекте коронавирус жуктургандын саны 800дөн ашты

Бишкекте коронавирус жуктургандын саны 819га жетти, ал өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын 33%ын түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

819 учурдун ичинен 85и сырттан жуктуруп келгендер, калган 734ү бул жактан жуктуруп алгандар.

Бишкектеги коронавирус жуктургандардын 664ү шаарда турушат, 155 киши башка айыл-шаарлардын тургандары.

Учурда борбор калаада коронавируска чалдыккан бейтаптардын 410у айыгып, үйлөрүнө чыгарылган, 6 киши каза болгон.

207 киши өздөрү кайрылып текшерилген. Ал эми 34 адам ооруну кайдан жуктурганы аныктала элек.