Марал Радиосу

Бир суткада 54 бейтап коронавирустан айыкты

Кыргызстанда бир сутка ичинде 54 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Бишкек шаарынан 9, Чүй облусунан 4, Ысык-Көл облусунан 4, Нарын облусунан 6, Ош облусунан 16, Ош шаарынан 15 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча 1901 бейтап коронавирустан айыкты.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуккан 90 жаңы учур аныкталды, Коронавирус жуктурган 30 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.