Марал Радиосу

Трамп полицияны реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду

U.S. President Donald Trump displays an executive order on police reform during a signing ceremony in the Rose Garden at the White House in Washington, U.S., June 16, 2020. REUTERS/Leah Millis

АКШ президенти Дональд Трамп полицияны реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары жазышты.

Жарлыкка 16-июнда кол коюлду. Документ полиция департаменттерине гранттарды бөлүп, алардын өзгөрүшүнө көмөктөшүүгө багытталган. Анда полиция кызматкерлерин тандоону жакшыртуу, кызматкерлерге күч колдонууда жаңыланган стандарттарды сактоо сунушталды.

Ак үйдө кол коюу иш-чарасы өтүп, ага полиция кызматкерлери менен кагылышууларда каза болгон америкалыктардын туугандары катышты. Президент Трамп тартип сакчыларынын профессионалдык жана моралдык стандарттарын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Ушу тапта АКШнын Конгрессинде да полицияны реформалоо боюнча мыйзам чыгаруу иштери жүрүүдө.