Марал Радиосу

Бороновго премьер-министрдин милдетин аткаруу жүктөлдү

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кубатбек Бороновго өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин аткаруу жүктөлдү.

Ушул эле Жарлык менен Мухаммедкалый Абылгазиев берген арызына ылайык, премьер-министрдин милдетин аткаруудан бошотулду.

Кубатбек Бороновдун талапкерлигин парламенттеги көпчүлүк коалиция көрсөттү.