Марал Радиосу

Чубак ажы Жалилов Аалымдар кеңешинен чыкты

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

-Мен Жалилов Чубак ажы, Аалымдар Кеңешинен өз ыктыярым менен арызымды жазып, аманатты тапшырдым. Кудай Таалам касиеттүү Куранда: “… балким силер бир нерсени жаман көргөнүңөр менен, ал силер үчүн жакшылыктыр…” , (Бакара сүрөөсү 216-аят) деп айткандыгын ар дайым эстеп жүрсөк, көңүлдөргө төтөк болоор,— деп жазган.

Белгилей кетсек, Чубак ажы Жалилов коомчулуктагы кырдаал тууралуу өз пикирин ачык айтып келет. Ал 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи да болуп турган.