Биз менен байланышыңыз

Таланты бар, бирок наамы жок маданият өкүлдөрү

Соңку жылдары маданият кызматкерлерине берилген наамдар, коомчулуктун кызуу талкуусуна  алынып, түрдүү сын пикирлерди жаратып келет. Калктын катуу сынына калган наамдар тууралуу эл алдында жүргөндөр эмне дейт?

Аскат Сулайманов — актер

Эми эки ыр ырдап, искусствого аралашканына  эки-үч жыл болгон жаштар деле наам алып жатышпайбы, көпчүлүк учурда наамды жаш ырчылар алып жатышат. Балким, жогорку жактын сыйлоо аземдеринде ырдап жүргөндүр. Менин ага каршылыгым деле жок. Мен деле документ жөнөткөм, анан сага эртерээк дегендей кылып койду да. Мисалы; Мына, кече жакында эле Марат Жанталиев агабыз каза болду. Баары айтып жатышат, анын деле наам алганына эки жылболуптур… Кыргызда: «Бала ыйлабаса эмчек кайда?»— деген сөз бар. Ушундай эле болуп калды. Азыр миллион ыйласаң деле, тигил жактагылар кааласа берет, каалабаса бербейт. Бербесе деле койсун, ал мага нан болуп деле жыргатпайт. Эл өз баасын  берип,  талантыбызды сыйласа болду.

Борончу Кудайбергенов  — куудул

Эми наамдар көпчүлүк учурда өкмөттө иштегендерге  берилип калат. Биз болсо өзүнчө бир мекемеде иштебестен, коммерциялык багытта эмгектенип келе жатабыз да, бир себеби ушул болушу мүмкүн. Анан улуу муунга берилбей, жаштарга берилип жатканын ошол Маданият министрлигиндеги комиссиянын адамгерчилигине жана калыстыгына байланыштуу маселе деп койсок болот. Наамдын өзү деле айтып жатпайбы «КРнын  Эмгек сиңирген артисти» деп. Демек, эмгек сиңирип көп жыл иштеши керек. Анан чет  жактарга чыгып, жаш болсо дагы өлкөнү таанытып жүргөн болсо, башка критерийлер менен баалап койсо болот. Азыр жаштар наамдарды алып алган, анан концерттеби  же тойдобу КРнын Эмгек сиңирген артисти деп чакырсаң, өздөрү байке ушуну айтпай эле коюңузчу дейт. Себеби, өзү деле ички дүйнөсүндө уялып жатат да. Айтып чыкса, эл дагы айтат да, жашабай жатып ушуга берип коюптур, таанышы бар да деп. Ошол себептен менин оюмча, ушул наамды мисалы отуз жылдан же жыйырма жылдан кийин наамга каралат деген критерий болсо калыстык үчүн жакшы болмок, бизде  калыстык жок. Эгер мен маданият министри болуп иштеген болсом, канча деген улуу инсандарыбыз бар, ошолорго берип, жаштардыкын кичине токтотуп турат элем. Себеп дегенде, наам үчүн өйдө-ылдый болуп калат экен. Бирөөлөр, наам бербей койсо «эмгегимди баалабай койду» деп жабыр тартып ден соолугунан зыян тартып калышат экен. Ошондуктан эл өзү эле баалап койсо, ошол деле болот деп ойлойм. Анан азыркы наам алып жаткан жаштарыбыз маданиятта жүргөндөн кийин, өздөрү деле «кой, бизден улуулар бар»деп койбостон, керек болсо акчасын бере салып наам алгандарын чала-була угуп жүрөбүз. Мен, мисалы, Жамбыл Камчиевден биринчи мага наам берилсе, туура эмес болуп калды деп айтмакмын. Абдылда Иманкулов деле кече жакында алды,  аябай сүйүндүм, кара далы кызым күйөөгө тийгендей эле болуп(күлүп). Биздин бири-бирибизге болгон сый-урматыбыз жок болуп калган ошол себептен ушундай болуп жатат.

Аскат Мусабеков — ырчы

Биринчиден, сыйлык алган адам маданият чөйрөсүндө он жылдан кем эмес иштеш керек. Музыкалык билими  сөзсүз керектелет. Мына ушундай талаптарга  жооп берсе, алса болот. Экинчиден, эмне десе эле жыйырма жыл, отуз жыл болду деп, бирок жарытылуу эмгек кылбагандар  деле бар. Ошол эле маалда кыска убакыттын ичинде  талыкпай мээнет кылып, жакшы жыйынтык көргөзгөндөр дагы бар. Менден улуу агай-эжелерибиз  деле албай жүрөт. Аларды ойлосом өзүм уялып кетем. Анан, албетте, мен деле алгым келет. Себеби, аздыр-көптүр билимим бар, он жылдан ашты иштеп жүргөнүмө, мамлекеттин атынан деле көп маданий иш-чараларга катышып чет мамлекетке чейин барып келдим. Берилсе, мен деле сүйүнмөкмүн.

Айнаш Аширова — үн коштоочу

Менин талантымды эл баалабаса, мамлекет баалабайт окшойт (күлүп). Мамлекет эч кандай наам берген жок, бирок телевидениеде  иштегенимде  ал жактан мыкты режиссер, мыкты кызматкер жана дагы көптөгөн мактоо баракчалар тапшырылып келди. Эми мамлекеттик сыйлыктарды эки-үч ырды ырдап коюп эле, менин балам менен тең жаштар алып жатпайбы. Анан билбейм, өзүм деле жулкунуп мага наам бергиле деп көрбөптүрмүн. Себеби, эл баарын билет. Балким, менин ала турган учурум келе электир.

 

Гүлзат Байзаковаырчы

Эми өзүңөргө деле беллгилүү болуп жатпайбы, көзү өтүп кеткен Нурак Абдырахманов атабыз эмне деген күүлөрдү, керемет чыгармаларды жараткан. Нурак байке биздин жогору жактагы, сыйлоо бөлүмүндөгүлөргө таарынып, оорусунун  күчөшүнө да ушул себеп болгонун угуп калгам. Өзү дагы капа болуп айтып калчу да. Мындан тышкары, Адылбек Кыязов, Замира Баратбаева эжелер мына жетимишке жакындап калды, бирок алигиче наамы жок. Анан алар албагандан кийин азыркы жаштардын алганын туура эмес деп эсептейм. Балким,  тулпар тушунда деп айтышы мүмкүн, бирок билбейм. Карантин болуп жатканда кайрымдуулук фонду менен Гүлмайрам Момушова эжеге бардык. Барсак, эже акыркы жолу 1977-жылы маданияттын мыкты кызматкери деген наамды алган экен . Андан бери канча жыл өттү. Кыргыздын музыка дүйнөсүңдө канчалаган таланттуу балдар кыздар жүрөт, комузучулар бар, мына Руслан Жумабаев кайран бала, жөн эле жерден каза болуп калды. Ушул  бала наамга татыктуу болчу. Эң мыкты деген музыкант, актер, аранжировщик балдарыбыз бар. Анан эле эки ыр ырдап чакчаңдап чыккандарга берилип жатпайбы. Ошол наам алып жаткан жаш ырчылар керек болсо, Кыргызстанды бир кыдырып концерт койгон эмес. Менин таарынганым эң сонун журналисттер бар, керемет акындарыбыз бар,  комузчулар бар. Мына ушулар албай, анан каяктагылар алып жатат же жеңил жагына өтүп алдыкпы түшүнбөйм. Менин айтайын дегеним улуу муундагы музыканы сүйрөп жүргөн, наамды чыныгы фольклор жаатындагы музыканттар алса жакшы болмок деп тилек кылгам да.

 Сьездбек Искеналиев — ырчы

Бир учурда аша чаап эле жаштарга берилип кеткен, акыркы эки жылдагы наам  алгандар, менимче, татыктуулар эле алды деп ойлойм. Эми анын деле өзүнүн эрежеси талаптары бар да, ошол эрежелерди бузуп, ортодон тааныш-билиш салып алып кеткендер көп болду. Мен деле жакшы кызмат кылдым деп ойлойм, себеби аткаруучу, обончу, анан кино тармагында дагы өзүмдү сынап келдим. Буюрса, эмдиги жылы документ тапшырсам болот, себеби бардыгы мыйзам боюнча келе жатат. Наамды алыш үчүн көрсөтүлгөн талаптарга жооп берем.

 

Гулзада Рыскулова — ырчы, КРнын Эмгек сиңирген артисти

Албетте, наамдар калыс жана туура берилсе жакшы болмок, себеби таланттуу, бирок наамы жоктор арабызда бар. Мени алгач наам алдыңыз дегенде ишенген жокмун. Качан гана колума тийгенде сүйүндүм, себеби бул адамга дем-күч берет. Өзүм ойлоп калдым, кеп бул наамда деле эмес экен деп. Анткени, Рыспай Абдыкадыров агабыз наамды өмүрүнүн аягында алган экен. Бирок, эл анын наамын деле эстебейт, чыгармаларын эстейт да. Чыныгы элдик наам мына ушул деп билем. Өзүмдүн алган наамым боюнча айтсам, эл тараза, эл сынчы деп коет го. Эл чечет, тарых көргөзөт дегендей. Наамды алганда абдан сүйүнгөм, себеби буга мен жападан жалгыз продюссерим жок, өзүмдүн күчүм менен жетиштим. Мурда ырларымды көп кабыл алышпаса, июнь окуясынан кийин менин ырларым радио-телевидениедан  көп кете баштады. Анткени, нукура кыргыз тилинде, мекенчилдик сезимди ойготкон чыгармалар болду. Андан тышкары, көчмөндөр оюндарында ырдап калганым, мен үчүн өзгөчө сыймык болду  жана ошондой эле энелерди дагы ырдатып алып чыктым жер эне деп. Мына ошондон кийин дагы энелер топ түзүп ырдай баштады. Демек, сенин жараткан эмгегиң элге сиңип, ары карай алып кетип жатса, бул жакшы нерсе да.

Гүлнара Тойгонбаева — КРнын Эмгек сиңирген артисти

КРнын Эмгек сиңирген артисти деген наамды алганыма үч  же төрт жылбы, ушундай болду, эми эч нерсе деп айталбайм. Ким эрте алып жатат ким кеч алып жатат, аракет кылгандары алып жатат да. Азыр наамдын деле баркы кетип калгандай, эң башкысы элдин берген баасы болуш керек. Сени таанып чыгармачылыгыңды сыйлап, эл баалап турса болду деп ойлойм.

1 пикир

1 пикир

  1. Кумашова Каныкей .

    18.06.2020 10:55

    Аскат Мусабеков эл суйуп урматтаган
    таланттуу ырчы.
    Борончу Кудайбергенов эл урматтаган
    таланттуу куудул.
    Аскат Сулайманов ото кучтуу, таланттуу
    эл урматтаган актер.
    Гулзат Байзакова да элдин купулуна
    толгон , таланттуу ырчы.
    Урматтуу Маданият Министирлиги
    Жогорудагы таланттуу инсандарга
    Наам беришиниздер керек.
    Эгер наам бербесениздер , анда
    коррупционерсинер бул чындык
    жумуштан кетишинер керек, ордунарга
    талантты, эмгекти баалаган
    адам келсе анан гана ,жогорку
    таланттуу инсандарга наам берилет
    бул чындык🤝😷👋🙏

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM