Марал Радиосу

Монголия: Акыркы 2 суткада коронавирусту жуктургандар катталган жок

Монголияда акыркы 2 сутка ичинде коронавирус менен катталгандар болгон жок. Бул тууралуу 16-июндагы брифинг учурунда айтылды.

Мурдагы күнү 413 адамдан коронавирустук инфекцияны текшерүү үчүн анализ алынган.

Өлкө боюнча учурда 109 адам вирустан айыккан. Дарыгерлердин көзөмөлүндө 88 бейтап бар, алардын арасында 3 кош бойлуу аял жана бир наристе бар.

Пандемия башталгандан бери Монголияда 19 миң 199 тест жасалып, анын ичинен 197 адамдан вирус аныкталган. Аталган өлкөдө коронавирустан каза болгон учур катталган эмес.