Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, бүгүн, 16-июнда Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын кабыл алды. Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган отузунчу Өкмөт 2018-жылы 20-апрелде өз ишин баштаган. Мына ушул Өкмөт эки жыл аралыгында жогорку даражадагы 28 кызмат ордундагыларды алмаштырууга жетишкен.
Төмөндөгү таблицада акыркы учурдан баштап, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматка келишине чейинки аралыктагы Өкмөттөгү кызматтык орундардын алмашуусун сунуштайбыз.
Кызматтын аталышы/ датасы | Кызматка келди | Кызматтан кетти |
1-апрель: Вице-премьер-министр | Аида Исмаилова | Алтынай Өмүрбекова |
1-апрель: Саламаттык сактоо министри | Сабиржан Абдикаримов | Космосбек Чолпонбаев |
18-февраль: Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи | Акын Мамбеталиев | Алмаз Мамбетов |
18-февраль: Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору | Мырзабек Жыпаркулов | Жолдошбек Жунушев |
18-февраль: Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Алишер Абдрахманов | Акрам Мадумаров |
17-февраль:
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү |
Назирбек Бөрүбаев | |
11-февраль:
Вице-премьер-министр |
Акрам Мадумаров | Жеңиш Разаков |
6-февраль:
Вице-премьер-министр |
Эркин Асрандиев | Замирбек Аскаров |
6-февраль:
Өзгөчө кырдаалдар министри |
Замирбек Аскаров | Нурболот Мирзахмедов |
4-февраль:
КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү |
Айгуль Рыскулова | Зина Асанкожоева |
23-январь:
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
Нурболот Мирзахмедов | Кыянбек Сатыбалдиев |
2019-жыл 11-сентябрь:
Билим берүү жана илим министри |
Каныбек Исаков | Гульмира Кудайбердиева |
6-сентябрь, 2019:
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
Эмилбек Алымкулов | Аманбай Кайыпов |
11-июнь, 2019:
Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү |
Алтынбек Намазалиев | Туйгунаалы Абдраимов |
18-июнь, 2019:
Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы |
Орозбек Опумбаев | Идрис Кадыркулов |
30-май, 2019:
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы |
Дастан Догоев | Бакыт Шаршембиев |
30-май, 2019:
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри |
Эркинбек Чодуев | Нурбек Мурашев |
30-май, 2019-жыл:
Экономика министри |
Санжар Муканбетов | Олег Панкратов |
30-май, 2019-жыл:
Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министри |
Самат Кылжыев | Шамильбек Асымбеков |
25-январь, 2019:
Транспорт жана жолдор министри |
Жанат Бейшенов | Жамшитбек Калилов |
13-декабрь, 2018:
Финансы министри |
Бактыгүл Жээнбаева | Адылбек Касымалиев |
25-октябрь, 2018:
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри |
Улукбек Кочкоров | Таалайгүл Исакунова |
25-октябрь, 2018:
Маданият, маалымат жана туризм министри |
Азамат Жаманкулов | Султан Жумагулов |
17-октябрь, 2018:
Тышкы иштер министри |
Чыңгыз Айдарбеков | Эрлан Абдылдаев |
20-сентябрь, 2018-жыл:
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы |
Эмил Осмонбетов | Уланбек Рыскулов |
20-сентябрь, 2018-жыл:
Кыргыз Республикасынын юстиция министри |
Марат Джаманкулов | Айнур Абдылдаева |
20-сентябрь, 2018-жыл:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министри |
Шамилбек Асымбеков | Мурат Мукамбетов |
26-апрель, 2018-жыл:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору |
Өткүрбек Джамшитов | Индира Жолдубаева |
20-апрель, 2018-жыл:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Мухаммедкалый Абылгазиев | Сапар Исаков |