Марал Радиосу

Белгилүү коомдук ишмер Картайбек Мукамбетов дүйнө салды

Белгилүү коомдук ишмер Картайбек Мукамбетов 86 жаш курагында дүйнө салды. Президенттин аппаратынын маалымат кызматы Картайбек Мукамбетовдун сөөгү 16-июнунда Ала-Арча көрүстөнүнө коюларын кабарлады.

Картайбек Мукамбетов 1935-жылдын 12-декабрында Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында төрөлгөн. Ал 1980-жылы Кыргызстан Компартиясынын Сүлүктү шаардык комитетинин 2-катчысы болуп бир жарым жыл, андан кийин Кыргызстан Компартиясынын Көк-Жаңгак шаардык комитетинин 1-катчысы болуп 9 жыл эмгектенген.

1990-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. 1992-жылы Тоо-кен иштеринде коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болгон.

1993-жылдын башында республиканын тарыхында алгач түзүлүп жаткан Энергетика министрлигинин жетекчиси болуп дайындалган. Бир жылдан кийин Өнөр-жай жана соода министринин орун басары болгон.

Узак жылдар үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн СССР Жогорку Советинин Указы менен «Ардак Белгиси» жана «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын өнөр-жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы ыйгарылган.

Некролог

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Калиева Г.У., Акматов Т.А., Чынгышев Т.Ч., Сааданбеков Ж.С., Мамакеев М.М., Жакиев Б.Ж., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Батырбеков А.Б., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Мамашова А.Т.,  Боронов К.А., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Эсеналиев Д. А., Кененбаев А.М., Дыйканбаев К.С., Кылжиев С. А., Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Жеенбаева Б.Ж., Бейшенов Ж.С., Аскаров З.М., Исаков К.А., Абдикаримов С. Т., Жаманкулов А.К., Кочкоров У.Т., Осмонбетов Э.К., Чодуев Э.У., Догоев Д. Д., Каптагаев Э.С., Турусбеков Б., Дюшалиев А.К., Султанов О.С., Каниметов Ж.К., Костюк А.В., Дубанаев С., Карабалаев О., Орунтаев Н.О., Жапаров Ш., Осмоналиев А.Ш., Жылкыбаев У.К., Алиев А. Т. Иманалиев Б. Т.