Марал Радиосу

Быйыл 5 айда бюджеттик чыгашалар 2 млрд сомго көп болду

2020-жылдын 5 айында бюджеттик чыгашалар 2 млрд 867 млн сомго көп болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Каржы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди.

Быйыл январь-май айларында 40 млрд 996 млн киреше чогултулган. Ал өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 11 млрд 199 млн сомго аз.

5 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү.

Ал эми кирешелер 40 млрд 996 млн сом суммасына аткарылды, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө карата 11 млрд 199 млн сомго аз.

Бюджеттик каражаттын калдыгы 9 млрд 750 млн сомду түздү – бюджеттик каражат 5,5 млрд сом жана атайын каражат 4 млрд 200 млн сом.

«Бюджеттин дефицитин каржылоого 23 млрд сом жумшалган. Анын ичинен 4 млрд 700 млн сом – бул ички каражат жана 18 млрд 382 млн сом – тышкы булактар. Анын ичинен 17 млрд сом – Эл аралык Валюта фондунан алынган насыя.

 

 

Exit mobile version