Кыргызстанда 15-июнга карата коронавирус жуктуруп алган 87 адамдын 22си медициналык кызматкер экени аныкталды.
Анын ичинде Бишкек шаарынан 12 медициналык кызматкер, Чүй облусунда – 3, Ош шаарында – 5, Ош облусунда – 2 учур катталды.
Ошол эле учурда акыркы сутка ичинде 13 медкызматкер илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер айыгып чыккан.