Марал Радиосу

Кыргызстанда дагы 87 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде дагы 87 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйынында кабарлады.

Анын ичинде Бишкекте 48, Чүй облусунда 11, Ош шаарында 18, Ош облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абадда 3 учур катталды. Коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 2372ге жетти.

Ошол учурда акыркы сутка ичинде коронавирустан  22 киши айыкты. Жалпы айыккандардын саны 1813 бейтап болду.

Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 10 013. (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 041 адам жатат.

 

Exit mobile version