Марал Радиосу

Статистика боюнча бир жолу жасалган зомбулуктун 70 пайызы кайталанат

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Анда Сузак районунун Бек-Абад айылында болгон үй-бүлөлүк зомбулук талкууланды.

“Адамдын негизги укугу – жашоого, кол тийбестикке, урмат-сыйга жана ар-намыска, мыйзам алдында тең укуктуулукка карата болгон укугу болуп саналат. Биздин мамлекет үй-бүлөнүн, балдардын жана аялдардын укугунун корголушун камсыздайт. Өлкөдө «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзам иштейт. Укуктук мамлекетте ар бир жаран өзүн мамлекет тарабынан корголгонун сезүүсү керек. Мыйзамды бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылышы керек. Ар бир жаран жоопкерчиликтен кача албастыгын түшүнсө, мунун өзү кылмыштардын алдын алууга шарт түзөт», — деди Исмаилова.

Статистика боюнча, бир ирет орун алган зомбулук 70% учурда кайталанышы ыктымал. 2013-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын катталган саны 2 миңден ашык болсо, 2018-жылы 7 миңден ашкан.

Үстүбүздөгү жылдын 3 айында 2319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алган, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 65%га көп.

Өкмөт муну аргасыз обочолонуу жана үй-бүлөдөгү экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырат.

Жакында президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Мыйзамга ыллайык, үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү 48 саатка кармоого болот.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик орган жетекчилерине, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, укук коргоо органдардын жетекчилерине аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрүнөн коргоого багытталган мыйзам ченемдеринин кынтыксыз аткарылышын камсыздоо тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Сузак районунун жетекчилеринин начар координациясы белгиленип, тийиштүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Өнөктөштөрдүн колдоосунда Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга убактылуу баш калкалоочу жай түзүлгөн. Мында юридикалык кеңеш берилип, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча эскертмелер иштелип чыгып, түз байланыш номерлери (102,103, 111, 112, 117) иштейт.

Exit mobile version