Марал Радиосу

Төрөбаев: “Өнүгүү” фракциясы убадалардын 43%ын аткарды

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү” фракциясы шайлоо алдында берген убадаларынын эң көбүн аткарган фракция деп табылды. Бул тууралуу Politmer сайтына таянып  “Өнүгүү” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, “Өнүгүү” фракциясы 2015-жылы шайлоочуларга 130 программаны убада катары берген болсо, анын 56 убадасын, башкача айтканда, 43,08%ын аткарып, айткан убадаларына бекем турган фракциялардын тизмесинде биринчи сапты ээлеген.

Андан кийинки орунда КСДП фракциясы турат. Партия мүчөлөрү шайлоо алдында элге 103 убада берген болсо, анын 32,7%, башкача айканда, 35 убадасын ишке ашырган.

Үчүнү орунда “Ата Мекен” фракциясы элге 91 убада берип, жыйынтыгында 31 убадасын ишке ашырып, 61 убадасы ишке ашпай калган. Бул партия элге айткан сөзүнүн 33,7% аткарды деп табылган.

Жогоруда аты аталган партиялар үчилтикке кирген болсо, шайлоо алдындагы убадаларды аткарган партиялардын тизмесин “Бир Бол” фракциясы жыйынтыктайт. Аталган партия шайлоочуларына 57 убада берген болсо, анын он төртүн, башкача айтканда 24,56% гана аткарган.