Марал Радиосу

Батукаевдин иши боюнча соттук отурум улантылат

Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча соттук иш улантылат.

Жогорку соттун маалымат кызматы бул кылмыш ишинин материалдары иликтенип бүткөнүн кабарлады.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов сурак беришти.