Марал Радиосу

«Ата Мекен» фракциясы кен калдыктарынын абалын талкуулайт

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын жыйыны өтөт. Анда Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки унаа жолунун 67 чакырым тилкесинин курулушу тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымат берет.

Мындан тышкары, калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын абалы тууралуу маселе каралат. Бул боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров, Өнɵр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин тɵрагасы Эмил Осмонбетов суроолорго жооп берет.