Марал Радиосу

Батукаевдин иши боюнча материалдар иликтенип бүттү

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча кылмыш ишинин материалдары иликтенип бүттү. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Ишти Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап жатат. 12-июнда да соттук териштирүү улантылат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдер айыпталууда.