Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-июндагы өкүмү менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр, экс-депутат Аскарбек Шадиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты.
Ошондой эле, эки жылга чейин мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, 60 миң сом айып салынды.
Мурдагы, 1997-жылдын 1-октябрындагы Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде (“Бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөө”) негизинде, Аскар Шадиевдин жалпы абакта жаза өтөө мөөнөтү 13 жыл болуп, мүлкү конфискацияланат.
Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевке карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган.
Ошондой эле, «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иши боюнча Интерполго үч ирет кайрылган.