Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев Орусияга сапар жасайт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 451 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнь күнү Москва шаарында өтүүчү Жеңиш майрамына катышуу үчүн Орусияга барат. Бул тууралуу Кун.уз сайты жазды.

Орусия президентинин мамлекеттик катчысы Дмитрий Песковдун журналисттерге берген маалыматына ылайык, Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Сербия жана Хорватия мамлекет башчылары Жеңиш майрамына катышарын тастыкташкан.

Кошумчалай кетсек, экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жеткен соң, мурунку СССР өлкөсүндө Жеңиш майрамы алгач ирет 1945-жылдын 24-июнунда белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM