Марал Радиосу

Акыркы суткада 10 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкердин коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы белгилүү болду. Алардын тогузу Бишкек шаарында катталса, бир учур Ош шаарында катталгандыгы аныкталды.

Ошол эле учурда акыркы суткада 18 медкызматкер коронавирустан айыгып, оорукандан чыгарылды.

Жалпысынан COVID-19 вирусун жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны – 419га чыкты, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.