Марал Радиосу

«Чектеш аймактарда телеканалдар аркылуу тажик, өзбек идеологиясы жайылууда»

Жогорку Кеңештин 10-июндагы жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2019-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңешинин отчёту каралды.

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева улуттук коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү маселе катары саналган мамлекеттин маалымат саясатына токтолду. Ал чек арага чектеш аймактарда 13 өзбек, 5 тажик телеканалы иш алып барып, алар өз идеологиясын жайылтып жатканын мисалга келтирди.

-Аймактарга иш сапары менен барганыбызда аталган телеканалдардын материалдары жаштарга терс таасирин тийгизип, бөтөн элдин тили, маданияты, салт-санаасы сиңип жатканы боюнча арыздануулар көп түшүүдө. Аймактык телеканаларды өнүктүрүү менен санариптик идеологияны калыптандыруу зарыл, — деди Сурабалдиева.

КТРКнын Башкы директору Жайнак Үсөн уулу чек арага чектеш райондордо өзбек жана тажик телеканалдарынын санариптик сигналдары жайылып, ошол эле учурда кыргыз каналдары да көрсөтүлүп жатканын айтты.

-Өткөн жылы биз бардык телестанцияларда техникалык аудит жүргүзүп, жыйынтыгында сигналдардын жогорку сапатта экенин аныктадык. Сиздер көтөрүп жаткан маселенин көпчүлүгү контентке тиешелүү. Андыктан, биз көрсөтүүлөрдүн мазмунун жакшыртуу аркылуу гана аудиториябызды кеңейтип, көрүүчүлөрүбүздү көбөйтө алабыз, – деди Жайнак Үсөн уулу.