Марал Радиосу

КТРКда 6 млн сом маяна катары негизсиз төлөнгөн

КТРК жыл сайын жарнамадан 58 млн сом табат. Орусиянын эки каналын кайра трансляция кылууга 50 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын каналдары жакшы рейтингге ээ.

-Жарнама берүүчүлөр да каналдарга жайгашканга аракет кылышат, — деди Жайнак Үсөн уулу.

Маалыматка ылайык, КТРКнын дебютордук карызынын (жалпы 39 млн сом) 29 млн сому төлөндү. Мындан сырткары, кызматкерлерге эмгек акы төлөөдө да кетирилген кемчиликтер бар. 16 млн сом акча каражаты маяна катары кызматкерлерге негизсиз төлөнгөн. Ал эми 3 млн 400 миң сом кошумча киреше катары эсептелген.