Марал Радиосу

Ошто 1,5 млн сомдук аткезчилик товар кармады

Ошто бажы кызматкерлери 1,5 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукцияларын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кызматкерлер Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда Б.А.Н., аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 28 миң 380 таңгак  акциздик маркалары жок төмөнкү тамеки продукцияларын табышкан:

  1. CAVALLO (акциздик маркасы жок);
  2. MILANO (акциздик маркасы жок);
  3. MOND (акциздик маркасы жок).

Экспертизанын берген кортундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 1 572 100 сомду түзөт.