Марал Радиосу

Башкы прокуратурада ишкерлердин укугун коргогон бөлүм түзүлдү

Башкы прокуратурада ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча өзүнчө бөлүм түзүлдү.

Бул бөлүмдүн негизги милдети — ишкердик субъектилеринин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө жана инвесторлорду коргоо болуп эсептелет.

Бөлүм аткаруу бийлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын, мамлекеттик көзөмөл органдарынын, фискалдык органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ишин көзөмөлдөө укугуна ээ болот. Ошондой эле талап кылууга жана изилдөөгө укуктуу.

Жаңы бөлүмдүн кызматкерлери ишкерлер катышкан кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүк алышат.