Марал Радиосу

Жээнбеков «Июнь» окуясынын курмандыктарын эскерди (сүрөт)

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10 -июнда, 2010 — жылдагы «Июнь» окуясынын 10 жылдыгына карата каза болгондору эскерди.

Ал Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» аталышындагы мемориалдык комплекске гүл койду. Андан сырткары, «Июнь» окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду.

Каза болгондордун туугандары жана окуянын катышуучулары менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков ошол күндөрү болгон трагедиянын, эл башына түшкөн кайгы-муңдун издери дале болсо өчө электигин белгиледи.