Марал Радиосу

Таласта коронавирустун алгачкы учуру катталды

Талас облусунда коронавирустун алгачкы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

9-июнда Таластагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун бир кызматкери коронавируска шектелип жаткандыгы айтылган эле.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус 6 медкызматкерден табылды. Бишкек шаарында бир, Чүй облусунда 3, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир медкызматкер илдет жуктуруп алган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде бир медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлердин арасында 409 учур катталды, алардын 294ү айыгып чыккан.

10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 2093кө жетти. Илдеттен 1572 жаран айыгып, 26 адам каза болду.