Марал Радиосу

Гаити: Министр коронавирустан көз жумду

Гаити бийлиги өлкөнүн Социалдык иштер министри Эммануэль Кантава коронавирустан каза болгонун билдирди.

-Биздин кесиптешибиз, Эммануэль Кантав бүгүн эртең менен бизди таштап кетти. Ал COVID-19 менен ооруп калды, — деп жазды байланыш боюнча мамлекеттик катчы Эдди Джексон Алексис Twitterдеги баракчасына.

Ал каза болгон министрди адам укугун коргоочу адам катары сыпаттап, анын жакындарына көңүл айтты.

Гаитиде коронавирус инфекциясынын 3548 жаңы учуру катталды. Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 оорусунан 54 адам көз жумду.