Марал Радиосу

Түркияда чектөө чаралары жеңилдетилди

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө коронавирустук эпидемияга байланыштуу чектөөлөр 10-июндан тарта жеңилдей тургандыгын жарыялады.

-Азыр ресторандар менен кафелер түн жарымына чейин иштей жатат (буга чейин кечки саат 10го чейин). Жашы 65тен ашкан жарандар эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин көчөдө жүрө алышат. Театрлар жана тойканалар 1-июлдан баштап ишке киришет, — деди Эрдоган.

Түркия 1-июнда карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетти. Өкмөт эл аралык саякатка тыюу салууну жокко чыгарып, ресторан, бассейн, пляж, парк, спортзалдар жана бала бакчаларды ачты.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Факреттин Кожанын айтымында, акыркы 24 саат ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясы менен 989 жаңы учур  катталды.

Мурдараак, Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Одил Карааймаилоглу 10-июндан тарта 40 өлкөгө каттамдар калыбына келтирилерин жарыялаган.

Түркия 10-июндан баштап 40 өлкөгө аба каттамдарын улантат

Exit mobile version