Марал Радиосу

Өлкөдөгү мектептерге 200 даана ноутбук тапшырылды

Билим берүү жана илим министрлигинин өнөктөштөрү тарабынан Кыргызстандагы мектептерге 200 даана ноутбук тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Ага ылайык, ноутбуктар жалпы 57 мектепке бөлүштүрүлөт. Анда чек арага жакын жана алыскы аймактардагы, компьютерге муктаждыгы жогору болгон мектептерге басым жасалат.

Ноутбуктар «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду, Ала-Тоо өнүктүрүү борбору жана «НАМА» эл аралык фонду тарабынан берилди.