Марал Радиосу

Тажикстан көчөгө беткапсыз чыккандарга айыппул салууну пландоодо

Тажик өкмөтү көчөгө беткапсыз чыккан кишилерди административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү.

Өлкө бийлиги коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу үчүн жарандарды медициналык беткап тагынууга милдеттендирген. Бирок бул талапты аткарбагандарга чара көрүү боюнча юридикалык негиз жок болчу.

Жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беткап тууралуу мурдагы эрежесин өзгөртүп, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда беткап тагынуу зарыл экенин билдирген.

Уюм 5-июндагы билдирүүсүндө беткапты вирустун жайылышын алдын алган ыкмалардын бири деп мүнөздөгөн.